18

Декабрь

2022

Кочкор районунун Кара-Суу айылында спорт комплекси пайдаланууга берилди.

18-декабрда Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагындагы Кара-Суу айылында заманбап спорт комплекси пайдаланууга берилди.

Имарат республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинен 37 миллион 72 миң сомго бүткөрүлдү. Курулуш ишин "Монолит" ЖЧКсы жүргүздү.

Спорт комплексинин ачылыш аземине КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Эрмекбай Омошев жана райондун эли  катышты.

КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Президентибиз тарабынан жаш муундун келечегине, спорт менен машыгып, жаман адаттардан алыс болуусуна кам көрүлүп, спорт тармагын өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоолор болуп жатканын баса белгиледи.  Ошондой эле бир топ жакшы иштер жасалып, мамлекеттик бюджетти 2 эсеге чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүктөр болгонун, анын негизинде айлык маяналар көбөйүп, чет өлкөгө чыгып кеткен жакшы дарыгерлерибизди кайтарып алууга, мугалимдердин резервин түзүүгө шарттар түзүлгөнүн маалымдады. Спорт комплекси акжолтой болуп, бул жерден Кыргызстандын атагын чыгарган мыкты спортчулар чыгуусун тилек кылды. 

Жаңы ачылган спорт комплексинде  баскетболдук-волейболдук аянтча, күрөш жана тренажердук залдар бар. Мындан тышкары столдун үстүндө теннис жана шахмат ойноочу залдар, жуунуучу жайлар, чечинип-кийине турган бөлмөлөр жайгашкан. Спорт комплекс күнүгө 120 спортчуну машыктырууга ылайыкташтырылып, бардык керектүү  заманбап инвентарлар менен жабдылган. 

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.