21

Декабрь

2022

"Ашыкча колдонулган нерсенин бардыгы ысырапкорчулук"

21-декабрда Нарында “Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 Жарлыгынын аткарылышы боюнча жыйын өткөрүлдү. 

Иш чарага КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, КР Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Эмил ажы Асылбеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, Муфтийдин орун басары Самидин Атабаев жана райондордун акимдери, Нарын шаарынын мэри, айыл өкмөт башчылары, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. 

Жыйынды ачкан облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Президентибиз тарабынан Жарлык чыгарылып, эл арасында ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө, курулай чыгымдарды кыскартуу багытында жыл башынан бери бир катар иш чаралар колго алынганын, Нарын облусунда дагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн атайын буйругу менен жер-жерлерде Жоболор бекитилип, комиссиялар иш жүргүзүп,  көпчүлүк калк арасында бул маселе ирээтке келтирилгенин, бирок айрым жарандарыбыз Жарлыкты аң-сезиминде толук кабылдай албай, коюлган шарттарга кайчы ойлорун айткан учурлар да болуп жатканын белгиледи. 

Иш чарада дин кызматкерлери ысырапкорчулук шариятка да каршы экенин айтып, бир гана тамак-ашты эмес бардык нерселерди ашыкча колдонуу ысырап болоорун билдиришти. 
Нарын облусунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Алтымыш Мамбетисаев мал союу менен бирге ашыкча дасторкон жасоону кыскартуу боюнча да элге түшүндурүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Жыйында ысырапкорчулукту кыскартуу боюнча жасалып жаткан аракеттер ортого салынып, Жарлыкты аткаруу милдеттери белгиленди.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.