26
Декабрь
2022
Кемин районунда үч объект ачылды
Чүй облусунун Кемин райондунда үч объект – Көк-Ойрок айыл аймагынын Кайыңды айылындагы 110 орундуу бала бакча, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кашкелең айылындагы спорттук зал менен 100 орундуу бала бакча ишке киргизилди.
Кайыңды айылындагы бала бакчанын курулуш иштери 2020-жылы башталган. Долбоордун жалпы суммасы 34 млн сомду түзүп, АРИС уюмунан 23 млн 600 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 10 млн 400 миң сом бөлүнгөн;
Кашкелең айылындагы спорттук залдын долбоорунун жалпы суммасы 10 млн сомду түзүп, курулушу толугу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланган;
Ушул эле айылдын 110 орундуу бала бакчасынын долбоорунун жалпы суммасы 29 млн сомду түзүп, АРИСтен 27 млн 800 миң сом жана жергиликтүү бюджеттен 1 млн 200 миң сом бөлүнүп берилген.