29

Декабрь

2022

Аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Жаңы жыл майрамын утурлай, аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө демөөрчүлүк кылуу тууралуу Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев тарабынан «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондуна кайрылуу жөнөтүлгөн эле.
Аталган кайрылуунун негизинде, бүгүн, 29-декабрда облустук администрациянын имаратынын алдында 200 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү (25кг ун, 5 л суюк май, 5 кг күрүч, 5 кг буурчак, 5 кг кумшекер) гуманитардык жардам көрсөтүлдү.