31
Декабрь
Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Жаңы жылы менен куттуктады

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровду келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен куттуктады.
«Келе жаткан 2023-жылы Армения жана Кыргызстандын өкмөттөрүнүн биргелешкен аракеттери менен эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык мындан ары илгерилетилип, Евразиялык экономикалык биримдик алкагында келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар түзүлөт деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.
Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго ден соолук, ийгиликтерди жана бакубатчылык каалады.