31

Декабрь

2022

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Акылбек Жапаровду жана өлкө жарандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

img

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргыз Республикасынын жарандарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

«Келе жаткан Жаңы 2023-жыл менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жана жакшы каалоолорумду кабыл алыңыз.

Урматтоо жана конструктивдүү өнөктөштүк принциптерине негизделген өзбек-кыргыз мамилелери көп кырдуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө мындан ары да оң динамикага ээ болоруна ишенем.

Жаңы жылда Сизге, урматтуу Акылбек Үсөнбекович жана жакындарыңызга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана зор ийгиликтерди, ал эми Кыргыз Республикасынын элине тынчтыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.