31

Декабрь

2022

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарбеков Бакытбек Наркуловичтин жаңы жылдык куттуктоосу:

Урматтуу Айкөл Манас Атабыз жердеген кут даарыган  касиеттүү Таласты жердеген кадырман калкым! 
Сиздерди Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! 
Бул майрамды биз ар дайым жаркыраган жакшы сезимдер менен эски жылды узатып, жаңы жылда алдыга койгон асыл максаттарыбыздын жана таттуу тилектерибиздин аткарылышын күтүү менен тосуп алабыз. 
2022 - жыл облусубуз үчүн өнүгүүнүн жаңы этабы башталган жыл болду. Касиеттүү Талас жерегеси, кайратман калкыбыз чоң өзгөрүүлөрдүн, жаңылануунун мезгилине кирди.
Негизги экономикалык көрсөткүчтөр боюнча белгиленген дээрлик бардык чектерге жетише алдык. Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 3,5 эсеге өстү. 113 жаңы ишкана ачылып, 600гө чукул иш орундары пайда болду.  «Айыл чарбасын каржылоо-10» долбоору аркылуу 600дөн ашык насыялар берилип, анын жалпы суммасы 300 млн сомдон ашты. 
Облуста билим берүү мекемелери, бала бакчалар, таза суу курулмалары жана спорт комплекси курулду. Талас шаарындагы социалдык шаарчада кошумча 12 батирлүү 3 үй курулууда. Жалпы сметалык баасы 2 млрд сомдук «Бала-Саруу» кичи ГЭСинин курулушу тынымсыз жүрүүдө; «Үрмарал» өзөнүнө Япония мамлекетинин грантынын эсебинен 16,2 млн. долларга көпүрө курулууда; Кара-Буура районун борборуна “ГАЗПРОМ” тарабынан спорт зал курулуп жатат.
Облус боюнча 2022-жылы 268,718 млн сомго 27,25 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Облустун 37 айыл аймагында өткөн элдик жыйындарда айтылган сунуштардын негизинде 243 долбоор жактырылып, аларды турмушка ашырууга 464,7 млн сом бөлүндү.
Талас облусунун жетишкендиктери – бул биздин биргелешкен ишибиздин, бардык жарандардын эмгегинин натыйжасы. Биргеликте талыкпай, адал эмгектендик, жаратмандык менен алектенип, жакшы иштерди жасадык. Ал эми бүгүн биз эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, жаңы жылды жадыраган майрамдык маанай менен тосуудабыз. 
Кадырлуу калайык-журтум!
Жаңы жылда Талас облусун экономикасы өнүккөн алдыңкы аймакка айландыруу боюнча башталган иштерди улантабыз. Дагы көптөгөн бала бакчаларды, мектептерди жана ооруканаларды, Каналдарды, жолдорду жана көпүрөлөрдү курабыз. 
Ынтымактуу,  жаратман эмгек менен баар тапкан, келечекке ишенимдүү караган кайратман калкыбыз – сиздер менен бирге  алдыга койгон бардык асыл максаттарыбызга жетебиз деп терең ишенем.
         2023-жыл кутман элим үчүн ийгиликтүү, ак жолтой жыл болсун! Баарыңыздарга эсенчилик, жакшылык жана бакубатчылык каалайм! 
                         Жаңы жылыңыздар менен!