30

Декабрь

2022

Аманбаев айылына өрткө каршы куткаруу бөлүмү курулат

Бүгүн,30-декабрда Кара-Буура районунун Аманбаев  айылдык аймагында, өрткө каршы  куткаруу бөлүмүнүн  курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын  Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков катышты. 
Облус башчысы өз сөзүндө : “Жыл башында сиздер менен жолугушканда  өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн  зарылдыгы тууралуу  маселе көтөрүлгөн. Бүгүн минтип  аталган имараттын курулушуна капсула салуу аземи болуп отурат. Мындан тышкары сиздерге түздөн түз тийиштүү болгон Аманбаево - Туз  Ашуу-Ташкент   туннелин тешүү боюнча Президентибиз Садыр Жапаров Министрлер кабинетине  тапшырма бергенин уктуңуздар. Кудай кааласа бул  ири долбоор боюнча келерки жылдары аракеттер көрүлөт. Мындан тышкары, Аманбаев  айылынан Шекер айылына газ тартуу боюнча  иштер колго алынат” деди. 
Өрткө каршы  куткаруу бөлүмүнүн  имараты эки кабаттан туруп ага эки өрт өчүрүүчү  машина жана диспетчердик пункт жайгашат. Ошондой эле   куткаруучулардын  жана офицерлердин  окуу  бөлмөлөрү жана жатаканасы да каралган.  Азыркы тапта, Кара-Буура  өрт өчүрүү  бөлүмү  эң алыскы  айыл болуп эсептелген Кайнар айылынан 56  чакырым алыстыкта жайгашса, долбоор  аягына чыккандан кийин  бул аралык  30 чакырымга кыскарат. Мындай мүмкүнчүлүк  адам өмүрүн сактоого жана  материалдык  чыгымды азайтууга  салым кошот. Долбоор Талас облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып  аталган максаттарга 8 миллион 600 миң  сом бөлүнүп берилген.