28

Декабрь

2022

«Жаңы жыл 2023” балаты майрамына Талас облусунан 30 окуучу жөнөп кетти

Бүгүн, 28-декабрында  Бишкек шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусундагы «Жаңы жыл 2023” балаты майрамына Талас облусунан 30 окуучу жөнөп кетти.
Балдарды жана алардын ата энелерин Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков узатып   ак жол каалап эстелик үчүн сүрөткө түштү.
Белгилей кетсек,  балаты майрамына жаш курагы 8-14 жаштагы, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары, окуунун алдыңкылары, коомдук иштерге активдүү катышкандар, спорттук оюндардын жеңүүчүлөрү, кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин балдары жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар  атайын критерийдин негизинде тандалып алынган.