10

Январь

2023

Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу Ош облусундагы тийиштүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Бүгүн, 10-январь күнү Ош облустук жарандык коргонуу штабынын кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Жаныкулов, орун басарлары Уристем Манапов, Эрнис Толтоев жана облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты. 

Күн тартибинде 11-январдан тарта туруксуз аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу джаярдык чараларын көрүү маселеси каралды. Жыйындын жүрүшүндө, тийиштүү кызматтарды күчөтүлгөн тартипте иштөө, кооптуу жол участкаларына туз себүү иштери, коомдук тартипти көзөмөлдөө, электр жарыгы менен калкты үзгүлтүксүз камсыз кылуу, көмүр сатуучу социалдык базалардагы көмүрдүн бааларын көзөмөлдөө, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүгүзүү тапшырмалары берилди.