11
Январь
2023
Жарандардын документ алуусуна көмөк көрсөтүлүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык, Панфилов району боюнча жалпы жарандык паспорттору жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү жок жарандарга кыска мөөнөттө идентификациялык документтерди алып берүүгө көмөк көрсөтүү максатында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 6-декабрындагы № 248-т тескемеси чыгып, атайын комиссия түзүлгөн.
Белгиленген бир убакыт аралыгында Панфилов райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөр, Кайыңды ш. мэриясы, калкты тейлөө борбору, билим берүү бөлүмү, жалпы дарыгерлер практика борбору, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүштү.
Аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө 1 жаран паспорт алды, 18 балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырылды, 8 адам бүт керектүү документтерин тапшырып, паспортторду жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдү алууга даярдоодо. Бул менен иш токтолгон жок, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарга инсандыкты ырастоочу документтерди, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрү алууга көмөк көрсөтүү боюнча иштер улантылууда.