12

Январь

2023

Күндүн цифрасы: 2022-жылы өлкө бюджетинен чакан жана орто бизнести колдоо үчүн үстөксүз насыя берүүгө 1 млрд 756 млн сом бөлүнгөн

2022-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чакан жана орто бизнести колдоо долбоорунун алкагында коммерциялык банктарга 1 млрд 756 млн сом бөлгөн. Ишкерлерге 1 млн сомдон 3 млн сомго чейин пайызсыз кредиттер берилип жатат. Бүгүнкү күндө 4 миңден ашуун ишкер үстөксүз насыя алышты. Долбоор алкагында 2023-жылы кичи жана орто бизнести колдоого 2 млрд сом багытталат.