14

Январь

2023

Президенттин атынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектер берилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык белектерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын бышчысы Айбек Джунушалиев тапшырды.  


Коомдун аярлуу катмарындагы аз камсыз болгон жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан тандалып алынган. Алардын балдарына уюлдук телефон берилип, жалгыз бой энелерге акчалай жардам көрсөтүлдү. 


Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү жергиликтүү бийликтин жетекчилерине балдардын мектептердеги төлөмдөрүнөн бошотуу, жылытуу мезгилинде көмүр менен камсыздоо тапшырмаларын берди.