17
Январь
Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,6 млрд м3 түзөт, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 818 млн м3 көп
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын Биринчи радиосунун “Түз байланыш” уктуруусунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Акыркы күндөрү өлкөдө температуранын төмөндөшү менен электр энергиясын керектөөнүн эң рекорддук мааниси белгиленди, ал 76 млн кВтс түздү. Электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү менен бирге Токтогул суу сактагычынан сууну чыгымдоонун эң жогорку көрсөткүчү белгиленди”, - деп кошумчалады Төрөбаев.
2022-жылдын жылытуу мезгилинде республикасынын электр энергиясына болгон керектөөсү 15,9 млрд кВтс түзсө, 2023-жылы электр энергиясынын керектөөсү 16,6 млрд кВтс түзөөрү күтүлүдө. Ортодогу тартыштык, 1,9 млрд кВтс болушу мүмкүн. Тартыштыкты кыскартуу максатында Казакстан жана Түркмөнистандан 2,0 млрд кВтс электр энергиясын импорттоо келишимдери түзүлгөн.
“Көмөкчордондордун электр жабдуулары ашыкча жүктөө менен иштеп жаткандыгына байланыштуу электр энергиясын керектөөчүлөрүн керектөө режимдерин сактоого жана рационалдуу пайдаланууга чакырам”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.
Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып “Камбар-Ата 1” ГЭСинин курулушун аяктоо жана аны пайдаланууга берүү Кыргыз Республикасынын CASA-1000 долбоору боюнча милдеттенмелерин эске алуу менен экспорттук потенциалды жогорулатууга реалдуу мүмкүнчүлүк берет” – деп кошумчалады.
Министрлер Кабинетинин токтому менен “2022-2025-жылдары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясында “Камбар-Ата 1” ГЭСин куруу долбоорунун долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүү менен даярдык көрүү мезгилинин объекттерин куруу боюнча Иш-чаралардын планы” бекитилген. Бул долбоорду ишке ашыруу жөнүндөгү Жол картасына Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин энергетика министрлери кол коюшкан.