17
Январь
Бакыт Төрөбаев: Экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү жеке сектор
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Биринчи радионун угармандарынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Экономиканы өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү жеке сектор экенин эске алып, “Жашыл экономика - 2022” регионалдык форумунун алкагында Экономика жана коммерция министрлигинин координациялоосунда, тиешелүү бизнес-ассоциациялар Борбордук Азияда жашыл транспортту, туруктуу туризмди жана туруктуу каржылоону өнүктүрүү маселелери боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын Бакыт Төрөбаев кошумчалады.
Жогорудагыларды эске алуу менен 2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында “Жашыл экономика – 2022: Борбордук Азияда жашыл экономиканы өнүктүрүү” регионалдык форуму болуп өткөн.