21

Январь

2023

Акылбек Жапаров: Март айында бардык облустарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынын курулушу башталышы керек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бардык аймактарда Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын куруу боюнча тапшырманын аткарылышы тууралуу маалымат сурады. 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев белгилегендей, учурда үч кампаны, анын ичинде Баткен облусунда да кампа курууга даярдыктар жүрүп жатат.

Министрлер Кабинетинин башчысы курулуш иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи.


«Үстүбүздөгү жылдын март айына чейин кампалардын курулушу башталышы керек. Бул процессти тездетүү керек, анткени бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга тийиштүү биринчи кезектеги маселе болуп саналат. Керектүү каражат бөлүнөт», - деди Акылбек Жапаров.