21
Январь
Камчыбек Ташиев: Тергөөчүнүн кармалышы – укук коргоо органдары тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн атайын операция. Эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалган жок
Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош жана Ош областы боюнча башкармалыгынын тергөөчүсүнүн кармалышына байланыштуу комментарий берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, тергөөчүнү кармоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Ички иштер министрлигинин жетекчилеринин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында жүргүзүлгөн.
«Мага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү пара талап кылып жаткандыгы боюнча жарандан арыз түшкөн. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн ортосунда «тирешүүлөр» башталганы тууралуу билдирүүлөрдүн бардыгы чындыкка дал келбейт. Бардык чечимдер мамлекет башчысынын жетекчилиги астында кабыл алынат. Тергөөчүнүн кармалышы укук коргоо органдары биргелешип жүргүзүп жаткан атайын операция. Эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалган жок. Бул көзөмөл, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын катарын абийирсиз, таза эмес кызматкерлерден тазалоо аракети. РИИБ жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кармоого байланыштуу ушундай эле маалымат. Мыйзам бузган ар бир адам ээлеген кызматына жана жакындыгына карабастан жоопкерчиликке тартылат», - деди Камчыбек Ташиев жана бардык чечимдер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана кабыл алынарын белгиледи.