23

Январь

2023

ФОТОРЕПОРТАЖ Акылбек Жапаров облустук мамадминистрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда республикалык кеңешме өткөрдү

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин катышуусунда 3 күндүк республикалык кеңешме өттү. 

Кеңешменин жүрүшүндө аймактарды комплекстүү өнүктүрүү, мамлекеттик банктар менен фонддордун аймактык долбоорлордун жана демилгелердин алкагында өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка маселелер талкууланды.

Ошондой эле облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынына катышып, аларга чечимдерди жана ченемдик укуктук актыларды ыкчам кабыл алуу процесси көрсөтүлдү.