23
Январь
2023
«Бир айыл — бир продукт»
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Т.Кенжетаевдин төрагалыгы астында, Япония Эл аралык Кызматташтык агенттигинин (JICA) өкүлдөрү менен биргеликте, “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буюрмасы менен бекитилген Баалоо комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйында долбоорду Чүй облусунда тиешелүү деңгээлде ишке ашыруу маселелери, мындан сырткары жергиликтүү ресурстарды пайдалануу менен Ата мекендик товарларды өндүрүү, экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүү болгон кластерлерди түзүү жана экспорттоого жетишүү үчүн Баалоо Комитети тарабынан иштелип чыккан облустун бренди талкууланды.
“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун максаты – чакан бизнести алдыга жылдыруунун туруктуу моделин жайылтуу, пайдалуу продукцияларды өндүрүүнү жогорулатуу, алардын сапатын жакшыртуу жана туруктуу өз алдынча экосистеманы түзүү, ошондой эле элет калкынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга өбөлгө түзө турган айыл жерлериндеги өндүрүштү стимулдаштыруу, прикладдык өндүрүштү өнүктүрүү жана тургундарды бизнеске тартуу менен, жумушсуздук көйгөйүн чечүү болуп саналат.