24

Январь

2023

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери 2022-жылы өлкө алгач ирет Биримдиктин башка мүчө мамлекеттерине алардан алгандан көбүрөөк ташып келүү бажы алымдарын которду

img
 Кыргыз Республикасы Евразия экономикалык биримдигине кошулган учурдан тартып 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан башка мүчө мамлекеттерге алардын бөлүштүрүү үлүшүнө ылайык Биримдикке мүчө мамлекеттерден алып келгенден көбүрөөк ташып келүү бажы алымдарынын суммасын которду. 

Натыйжада, 2022-жылы Кыргызстан ЕАЭБге мүчө башка мамлекеттерге 20 млрд 116,9 млн сом өлчөмүндө ташып келүү бажы төлөмдөрүн которсо, өлкө бюджетине мүчө мамлекеттерден 16 млрд 248,2 млн сом түшкөн. Кыргыз Республикасы тарабынан алынуучу бажы алымдарынын көлөмүнүн өсүшүнө биринчи кезекте бажы кызматы тарабынан бажы төлөмдөрүн башкарууну жакшыртуу жана өнөктөш өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн көлөмүнүн өсүшү таасир эткен. 

Эскертсек, мурда Кыргыз Республикасы: 
- 2015-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 2 млрд 962,8 млн сом которуп, 3 млрд 522,0 млн сом түшкөн (октябрь – декабрь); 
-2016-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 11 млрд 967,9 млн сом которуп, 13 млрд 094,6 млн сом түшкөн; 
-2017-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 12 млрд 329,1 млн сом которуп, 15 млрд 358,5 млн сом түшкөн; 
- 2018-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 15 млрд 324,9 млн сом которуп, 16 млрд 169,8 млн сом түшкөн; 
- 2019-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 11 млрд 249,9 млн сом которуп, 17 млрд 106,9 млн сом түшкөн; 
- 2020-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 6 млрд 042,5 млн сом которуп, 16 млрд 840,2 млн сом түшкөн; 
- 2021-жылы ЕАЭБге мүчө мамлекеттерге 13 млрд 024,4 млн сом которуп, 22 млрд 077,0 млн сом түшкөн.