25
Январь
Калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын жаңы кадамдары талкууланды
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жаңы жумуш орундарын түзүү жана калкты иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча тегерек столго катышты.
Иш-чарага тиешелүү мамлекеттик органдар менен ведомстволордун, илимий-эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, өлкө жетекчилиги тарабынан жаштар үчүн да, негизинен кара күч эмгеги колдонулган жана жогорку квалификация талап кылынбаган тамактарда иштеген эмгек мигранттарынын кайтып келиши үчүн да калкты иш менен камсыз кылуу, жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүү боюнча артыкчылыктуу милдет коюлган.
Тегерек столдун алкагында жаңы жумуш орундарын түзүү, статистикалык маалыматтарды чогултуу методологиясын өзгөртүү, кадрларды тандоо жана аларсдын квалификациясын жогорулатуу маселесинде активдүү чараларды иштеп чыгуу боюнча пикир алмашуу болду. Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары калкты иш менен камсыз кылуу үчүн түз мамлекеттик инвестицияларды пайдаланууну да талкуулашты.