31
Январь
Бакыт Төрөбаев Азербайжандын Милли Межлисинин депутаттарын кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаттарын кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуулар жөнүндө сүйлөштү.
“Кыргыз-азербайжан кызматташтыгы динамикалуу өнүгүп жатканын терең канааттануу менен белгилегим келет. Быйыл биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилеп жатабыз. Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жакшы келечеги бар экенине ишенем”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Бакыт Төрөбаев.
Ал эми, Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Джаваншир Фейзиев “Кыргызстан менен Азербайжандын парламентарийлери Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеяларынын жана КМШга мүчө-өлкөлөр арасында натыйжалуу диалог жүргүзүүдө. Бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча маңыздуу иштерди улантуу боюнча биргелешкен аракеттерге жаңы дем берет”, - деди.
Маалымат иретинде:
Уставдык капиталы 25 миллион АКШ долларын түзгөн “Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду” түзүлгөн. Анын алкагында инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү.