31

Январь

2023

Мраморное айылынын көйгөйү чечилет

Облус башчысы Нурил Алымбаев Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча айыл аймагынын Мраморное айылына иш сапары менен барды.
Жумушчу сапарынын алкагында Нурил Джайылбекович айылдагы бир нече объекттердин абалы менен таанышты. Анын ичинде мектептин имараты, ошондой эле өзүнө волейбол аянтчасын жана теннистик кортту камтыган спорт аянты да бар. Аталган спорт аянты 2022-жылы ишке берилген. Курулушуна жалпы 3 млн 200 миң сом сарпталса, 2 млн 420 миң сом Чүй облустук өнүктүрүү фондунан, калган суммасы жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Ал эми 1972-жылы ишке берилген мектептин имараты негизи 270 окуучуга ылайыкталган. Бирок ички миграциянын өсүүсүнөн улам, бүгүнкү күндө мектепте 1100 бала билим алууда. Андыктан, мектеп имараты боюнча маселе айылдын эң орчундуу көйгөйү болуп келүүдө.
Бул маселени чечүү максатында, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев кайрымдуулук фонддор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Мраморное айылында 250 орундуу мектепти, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жана мечитти камтыган комплекстин курулушун баштоо макулдашылды.
Ыйгарым укуктуу өкүл келечектеги комплекс орун ала турган жер тилкесине дагы барды. Бүгүнкү күндө жергиликтүү бийлик тарабынан аталган жер тилкеси толук мыйзамга ылайык келтирилген.