02
Февраль
2023
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты.
Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынынын катышуучулары, жыйындын катышуучуларынын кароосуна жана чечим кабыл алуусуна сунушталган бир катар маселелерди карап чыгышты.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин органдарына төрагалык кылуу Кыргыз Республикасынан Россия Федерациясына өткөрүлүп берилди.