03
Февраль
2023
Аламүдүн району отчет берди
Жергиликтүү бийлик органдарынан отчет алуу уланууда. Белгиленген графикке ылайык, 3-февраль күнү Аламүдүн районунун акиминин орун басарлары жана айыл өкмөт башчылары облустук комиссияга аткарылган иштер тууралуу отчет тапшырышты. Комиссия мүчөлөрү айыл аймагына байланыштуу бардык жагдайлар боюнча көптөгөн суроолорго жооп алуу менен бирге көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдорун сунушташты.