04

Февраль

2023

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров спортчуларга 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Бүгүн, 4-февралда, Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун катышуусунда 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттүу түрдө тапшыруу аземи өттү. 

Куттуктоо сөзүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи. 

«2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды», - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана улуттук команданын жетишкендиктери дүйнөлүк спорттун тарыхында өз изин калтыргандыгын кошумчалады. 

Акылбек Жапаров Белград шаарында (Сербия Республикасы) өткөн дүйнө чемпионатында спортчуларыбыздын жетишкендиктерин баса белгилеп, 2022-жылы биздин спортчубуз Жоламан Шаршенбеков жылдын мыкты спортчусу деп табылгандыгын белгиледи. 

Акылбек Жапаров спортчулардын машыктыруучулар курамына өзгөчө басым жасады. 

«Сиздердин эмгегиңиздер эч качан унутулбайт.

Спорт тармагындагы жетишкендиктер өлкөбүздүн ырааттуу түрдө өнүгүп жаткандыгын гана далилдейт. Жана бул чек эмес. 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарында үмүттү актайсыздар деп терең ишенем», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров жана спорт тармагынын өкүлдөрүнө алдыдагы мелдештердеги чоң жеңиштерди жана ийгиликтерди каалады.

Андан соң мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.