06

Февраль

2023

Калыгул айылында жаңы мектеп ачылды

Белгилүү болгондой, Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айыл аймагынын Калыгул айылында эски мектептин имараты авариялык абалда болгондуктан, коопсуздук үчүн балдарды ФАПтын имаратына убактылуу билим алуу үчүн жайгаштырууга туура келген.
Бүгүнкү күндө Калыгул айылынын жогорудагы эң орчундуу көйгөйү толугу менен чечилип, 150 орундуу жаңы мектеп окуучулар үчүн эшигин ачты. Мектеп имаратынын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 57,8 млн сом сарпталды