06

Февраль

2023

Кемин районунда калкты тейлɵɵ борбору ачылды

Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарында калкты тейлɵɵ борбору ишке берилди. Аталган мекеменин ачылыш аземине Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Алымбаев, КР Санариптик өнүктүрүү министри Т.Иманов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты М.Сыдыков катышты.
Калкты тейлɵɵ борборунун курулушуна Кемин районунун ɵнүктүрүү фондунан 34 млн. сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2021-жылы башталган.