02

Февраль

2023

2022-жылдын жыйынтыгына чыгарган коллегия болуп өттү

Бүгүн 2-февралда Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында Талас облусунун 2022-жылдагы  социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиясы болуп өттү.
 Коллегиянын отурумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышты.
Алгач өткөн жыл ичинде ишке ашкан долбоорлор тууралуу атайын видео материал көрсөтүлдү.
Андан соң, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жыл жыйынтыгы боюнча баяндама жасады.
 Маалыматка ылайык өткөн жылы Талас облусунун айыл чарба продукцияларын дүң өндүрүүнүн көлөмүнүн, негизги капиталга инвестицияларынын, өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн, чекене соода жүгүртүүнүн өсүшүнүн оң динамикасы белгиленди.
 Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп Талас облусунда өткөн жылды аткарылган иштерди кубаттап «жакшы» деген баа берип келечекте Талас облусу республикада биринчи орунга чыгаарына мүмкүндүк бар экенин белгиледи.
Коллегиянын соңуна, 2022-жылдын жыйынтыгы менен Талас облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын атайын сыйлыктары тапшырылды.  
2022-жылдын  “Мыкты району” деп Талас  району табылып Кыргыз Республикасынын  Талас облусунун  “Өтмө кызыл Туусу” жана “Көгүлтүр Ысык-Көл” курортуна жолдомо  менен сыйланды.“Мыкты айыл аймагы” деп: 1-орун Манас районунун  Үч-Коргон айыл аймагы табылып “Ысык-Ата”     курортуна жолдомо,  2-орун  Кара-Буура  районунун Кара-Буура айыл аймагы табылып 10 000  сом акчалай сыйлык,  3-орун  Талас районунун   Калба айыл аймагы табылып, 5 000 сом акчалай сыйлык  менен сыйланды. Жогорку деңгээлде жетишкен ийгиликтери үчүн  Бакай-Ата районунун   Өзгөрүш айыл аймагы 5 000 сом акчалай сыйлык  менен сыйланды.
 “Мыкты мекеме” наамы жана 5 000 сом акчалай сыйлыкка жол чарба департаментинин Талас облустук №3-аймактык бөлүмү жана Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры ээ болду.  “Мыкты жетекчи” наамы жана 5 000 сом акчалай сыйлык  менен Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмүнүн жетекчиси Нуржан Аманкулов жана Талас облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Айжамал Шамбетова сыйланды.