25
Январь
2023
Кооптуу муз тебүүчү жай жабылды
22-январда “24 kg” маалымат агенттигине жана социалдык түйүндөргө “муз тебүүчү жайдан белгисиз адам 30 сомдон акы алып жатат” деген маалымат таркаган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө Талас районуна караштуу Козучак айылынын тургуну Бакыт Абдылдаев мууз тебүүчү жайга келген адамдарга муз тебүүчү баллондорун саатына 30 сомдон ижарага бергендиги аныкталган.
Козучак айылындагы мууз тебүүчү жай бүгүнкү күндө жергиликтүү аймактын административдик чегиндеги жайыт категориясындагы жер болуп эсептелет. Бирок, аталган мууз тебүүчү жай союз убагынан бери эле Талас өрөөнүнүн бардык жагынан келип кышкы убакта чана, муз, лыжа тепкен эс алуучу стихиялуу жай болуп келген. Муз тебүүчү жай жеке менчикке берилген эмес жана эс алуучулардан акча алып жаткандыгы боюнча арыз, кайрылуулар түшкөн эмес.
Учурда аталган муз тебүүчү дөңсөөгө бара турган жолдор жабылып баллон, чана менен ылдый түшүп жаткан жерлерге кум, топурак себилип айыл аймак башчысына жана участкалык милиция кызматкерине дайыма көзөмөлгө алып туруу боюнча эскертилди.