08

Февраль

2023

Батырбек Джумабеков Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары кызматынан бошотулду

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Джумабеков Батырбек Тологонович ээлеген кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.