08
Февраль
2023
Урмат Кожомбердиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кожомбердиев Урмат Мелисович Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров кол койду.