08

Февраль

2023

Гроздь айылында социалдык шаарча ачылды

7-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун катышуусу менен Аламүдүн районунун Гроздь айыл аймагында «АССАНАБИЛ» кайрымдуулук фонду тарабынан курулган социалдык шаарчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Долбоор аз камсыз жарандардын социалдык абалын жакшыртууга багытталган. Фонддун ченемдерине ылайык, соцшаарчадагы үйлөр алгач жергиликтүү тургундарга берилмекчи. Шаарча 15 үйдөн туруп (30 батир), жалпы 1,2 га жерди ээлейт, анын ичинен 100м2 аянтта 25 орундуу балдар бакчасы жайгашкан. Долбоордун суммасы 50 млн 713 миң сомду түздү.