08

Февраль

2023

Облустук коллегия отуруму болуп өттү

7-февраль күнү КР Президентинин Администрациясынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевдин катышуусунда, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин төрагалыгы астында, райондордун акимдеринин, Токмок шаарынын мэринин жана облустук, райондук түзүмдүк башкармалыктардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусунда Чүй облусунун 2022-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук коллегиялык отуруму болуп өттү.
Отурумда облустун өткөн жыл ичиндеги көрсөткүчтөрүнө баа берилип, ишмердүүлүгү солгун айрым район жетекчилерине сындар айтылып, эскертүүлөр берилди. Соңунда коллегиянын чечими маалымдалып, анда КР мыйзамдары, ченемдик-укуктук актылары, КР жогорку мамлекеттик органдарынын тапшырмаларын өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча аппараттык кеңешмелерде талкууланып, жооптуу кызматкерлер тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүүсү белгиленди.