08

Февраль

2023

Жергиликтүү бийлик органдарынан отчет алуу жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык, облустук комиссиясы тарабынан райондордун акимдеринин орун басарларынын, райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөт башчыларынын финансы-экономикалык, өнөр-жай, айыл чарба, социалдык ж.б. тармактар боюнча аткарган иштери жөнүндө отчет кабыл алуу Кемин жана Чүй райондорунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин отчет тапшыруусу менен жыйынтыкталды. 
Жакынкы күндөрдө комиссия тарабынан чыгарылган жыйынтык тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилмекчи.