09
Февраль
Достук айылы таза суу менен камсыз болду
Аламүдүн районунун Пригородное айыл аймагына караштуу Достук конушу башында дача катары түптөлгөн. Кийин ички миграциянын агымы менен 1000 түтүндөй эл туруктуу жашап, бардык социалдык көйгөйлөр көтөрүлүп чыкты. Алардын эң негизгиси таза суу маселеси эле. Ал көйгөйдү чечүүгө Пригородное айыл аймагынын башчысы Бакыт Шеримбеков 2021-жылдын август айында Ихсан Хайрия кайрымдуулук фонду аркылуу чечти. Аламүдүн районун акими Бактыбек Анаркуловдун көзөмөлүндө Достук айылынын ар бир көчөсүнө таза суу түтүгү тартылып, 250 метр тереңдиктен чыккан суу элди камсыз кыла баштады. Достук айылына ФАП, мечит, бала бакча маслесин чечүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатканын аким таза суунун ачылышында билдирди.