10

Февраль

2023

Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган.


Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ААКсынын мындан аркы ишмердүүлүгү максатка ылайыктуу эмес экендигин белгилей кетүү керек.


Кабыл алынган чечим алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомун жоюусу жана жоюу боюнча комиссияны түзүүсү тапшырылды.


Жоюу боюнча комиссия эки айлык мөөнөттө «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсын жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүсү тийиш.