11

Февраль

2023

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча ири долбоорлор ишке ашуусу үчүн мамлекет аларды өзгөчө башкарууга алат

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү ири долбоорлор аягына чейин так аткарылышы үчүн мамлекет аларды өзгөчө көзөмөлүнө алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Акылбек Жапаров, мамлекетибизде биринчи жолу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча мыйзам 2009-жылы кабыл алынганын, ал эми азыркы профилдик мыйзам 2021-жылы кабыл алынганын белгиледи.

“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү борбору түзүлүп, 2026-жылга чейин мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы жана зарыл болгон мыйзам алдындагы актылар кабыл алынды. Бирок иш жүзүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу тезирээк ишке ашырууну талап кылат. Аймактардагы чакан долбоорлор жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке киргизилиши керек, ал эми стратегиялык долбоорлор өзгөчө тартипте кабыл алынат”, - деди ал.

Буга байланыштуу Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында долбоорлорду ишке киргизүү жол-жобосун мындан ары жөнөкөйлөштүрүүгө жана ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга чакырды.

“Эгерде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми толук кандуу иштебесе, биз экономиканын динамикалык өнүгүүсүн камсыздай албайбыз. Ошол эле учурда мен өлкөдө иштеп жаткан бардык бизнес-ассоциацияларды жана бирикмелерди Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен тыгыз кызматташууга чакырам”, - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, жыйындын жүрүшүндө Инвестициялык кеңештин 2022-жылдын 19-сентябрындагы отурумунун чечимдеринин аткарылышы каралып, 2023-жылга иш планы талкууланды.

Мындан тышкары, Инвестициялык кеңештин мүчөлөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын инфраструктуралык долбоорлоруна инвестицияларды тартуу жана электрондук накладнойлорду колдонуу маселелерин карашты.