14
Февраль
“Раимбек” дыйкан чарбасынын ишмердүүлү
Чүй облусунун Жайыл районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Кара-Суу айыл аймагындагы “Раимбек” дыйкан чарбасынын ишмердүүлүгүнөн кабар алды.
“Раимбек” дыйкан чарбасы 800 гектардан ашык жерди иштетип, айыл чарба өсүмдүктөрүн, анын ичинде кылкандуу дан эгиндерин, кант кызылчасын, май өсүмдүктөрүн, көп жылдык чөптөрдү жана урукка жүгөрү өндүрөт.Үрөнчүлүк дыйкан чарбанын эң жакшы материалдык базасы бар, аянты 23386м2, 2000 тоннадан жогору үрөндөрдү сактоо кампаларынын көлөмү 934,5 м3, урук тазалоочу машина “Пектус Гигант”, К-531-1, МСЛ-4,5 магниттик үрөн тазалоочу машина К-590 жана башка тракторлор, комбайндардын түрлөрү “Джон-Дир 7930”, Т-50 -1 даана ж.б. бар. Мындан тышкары Ставрополовка, Кара-Суу, Суусамыр айылдарынын тургундарына жер айдап иштетүүгө жана үрөн менен камсыз кылууга, ошондой эле материалдык, демөөрчүлүк жардам берип келет.