14
Февраль
2023
Мектептер көйгөйү чечилет…
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев Чүй облусунунү Жайыл районундагы көйгөйлүү деп эсептелген мектептердин абалы менен жеринде таанышты. Бул тизмеге бүгүнкү күндө Ийри-Суу мектеби, Кара-Балта шаарындагы №7-мектеп, ошондой эле кошумча корпуска муктаж болгон аталган шаардагы №1-мектеп кирет. Облус жетекчиси Нурил Алымбаев жогорудагы мектептердин көйгөйүн чечүү үчүн каржы булактары караштырып, маселе колго алынарын белгиледи.
1. Сары-Коо айыл аймагындагы Ийри-Суу мектеби:
Имарат мурдагы бала бакча, 1960-жылы курулган. Мектеп 1963-жылы негизделген, типтүү эмес. Бир кабатуу имарат, дубалдын сырты кирпич, ичи каркас (жыгач менен ылай), чатыры шифер. Жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнө байланыштуу мектеп жерге чөгүп жана дубалдардын шыбактары түшүп жатат, дубалдар ортосунда класстар кирпич менен эмес жыгач менен тосулган. Учурда айыл жаңы мектеп имаратына муктаж.
2. Кара-Балта шаарындагы №7-мектеп:
Мектеп имараты 450 окуучуга ылайыкталып, 1957-жылы ишке берилген. Ишке кирген мезгилден тарта бир дагы ирет капиталдык ремонт жасалган эмес. 2018-жылдан бери имарат колдонулбай келет. Имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж.
3. Кара-Балта шаарындагы №1-мектеп:
750 орундуу мектеп имараты 1973-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө окуучулардын санынын өсүүсүнөн улам, башталгыч класстар үчүн кошумча корпус куруу муктаждыгы бар.