20

Февраль

2023

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») башчысы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров  Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун («GGGI») башкы директору Франк Рейсберман жетектеген делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду жана программаларды талкуулашты.

Жыйындын катышуучулары курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга байланышкан глобалдык маселелерди чечүүдө гидроэнергетикалык потенциалы жогору өлкө катары Кыргыз Республикасынын маанилүү жана активдүү ролун белгилешти.

«Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот», - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Франк Рейсберман өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, үстүбүздөгү жылдын апрель айында республикада «GGGI» филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи.