20
Февраль
Жер мунапысын жүргүзүү боюнча иш-чаралар...
20-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Чүй облустук прокуратурасынын өкүлү, КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, Чүй облустук ИИББнын башчысы, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунун акимдери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, райондук ИИБнин, “Кадастр” МИнын жана райондук архитектура башкармалыктарынын башчылары катышып, жогорудагы токтомдун негизинде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтар угулуп, талкуу жүрдү. Ошондой эле бул багытта тиешелүү деңгээлде иш алып баруу үчүн облус жетекчилиги тарабынан жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди.