21
Февраль
Жалал-Абадда айымдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча жыйын өттү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Жалал-Абад "Айылдык кеңеш берүү кызматы" менен биргеликте “КОВИД мезгилинен кийинки аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун жыйыны өттү.
Иш-чарага Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарындагы жумушун баштаган ишкер айымдар, КРнын Президентинин Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн аппаратынын кызматкерлери, облустук өнүктүрүү фонд, Кепилдик фонд, Кыргыз-орус өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын алкагында ишкердик баштоо, өнүктүрүү, каржылоо булагын аныктоо багытындагы кеңештер айтылып, жумушун жүргүзүп жаткан айымдар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан сырткары фонддор аркылуу ишкердик долбоорлорду финансылык каржылоо мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди
Долбоор АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин Демократиялык Комиссиясы тарабынан каржыланып, "Доор" коомдук фонду жана Жалал-Абад "Айылдык кеңеш берүү фонду менен өнөктөштʏктө иш ашырылып жатат.