24

Февраль

2023

Кайрымдуулук иш-чарасы өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевдин кайрылуусунун негизинде, “Смарт Дженерейшн” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен облустун бардык райондорунан жалпы 48 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Тактап айтканда, 10 үй-бүлөгө тигүүчү машина, 15 үй-бүлөгө 1 баштан саан уй, 23 үй-бүлөгө 3 баштан кой берилди.
Бул кайрымдуулук иш-чарасы облус аймагындагы аз камсыз, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду.