25
Февраль
Жалал-Абадда район акимдерине кызматтык унаа тапшырылды
Бүгүн, 25-февраль күнү, Жалал-Абад облусундагы 8 райондун акимдерине кызматтык унаалар берилди. Алардын ачкычын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев тапшырды.
Облус башчысы бул аракет мамлекет тарабынан район жетекчилеринин жумушун жеңилдетүү, аймактардагы көйгөйлөрдүн ыкчам чечилүүсүнө шарт түзүү болуп саналаарын айтып, акимдерди өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууга чакырды.
Белгилей кетсек, райондун акимдерине берилген Chevrolet Captiva үлгүсүндөгү кызматтык автоунаалар 2023-жылы чыгарылган.