27

Февраль

2023

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров ээлеген кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Мирлан Бакиров берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду. 

Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.