01
Март
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер стратегиялык пландаштырууну эсепке алуу менен долбоорлорду иштеп чыгууда практикалык көндүмдөр боюнча окуудан өтүүдө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн экономикалык маселелер боюнча орун басарлары, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын экономикалык маселелер боюнча орун басарлары, шаар мэрлеринин экономика маселелери боюнча орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчылары үчүн «Мамлекеттик башкарууда долбоорлорду башкаруу» темасы боюнча окуу тренинги өткөрүлдү.
Окутуу курсунун максаты тренингдин катышуучуларына аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стратегиялык пландаштырууну жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду сабаттуу башкарууну эске алуу менен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча практикалык көндүмдөрдү берүү болуп саналат. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына инвестиция тартууга көңүл бурулат.
Белгилей кетсек, бул окутуунун биринчи этабы, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын, жергиликтүү администрация башчыларынын орун басарларынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарларынын, шаар мэрлеринин орун басарлары жана айыл аймактарынын башчыларынан турган 531 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерди окутуу пландалууда.
2023-жылдын март айында өтө турган экинчи этап алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлери үчүн тренинг өткөрүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын колдоосу менен ишке ашырылат.