06
Март
Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров КЭР Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды
Жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.
Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.
Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Министрлер Кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.
Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.