08
Март
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен келди
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен келди.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн ар кыл аймактарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышууну пландаштырууда.
Мындан тышкары Өзбекстан Республикасынын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.
Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстан Республикасынын Жизак районунун Манас айылында жашаган этностук кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат.