01
Март
Жакырчылыктан чыгуу: Ноокендин Масы айыл өкмөтүндөгү 40 үй-бүлө сугат жерлерди иштетип жатат
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айыл аймагында 40 үй-бүлө былтыркы жылы жакырчылыктан чыгуу үчүн бөлүнүп берилген сугат жерлерди иштетип жатышат.
Масы айыл өкмөтүнүн башчысы Азамат Нарматовдун айтымында, жакыр катары тизмеде турган 40 үй-бүлөгө негизинен кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен берилген. Алар 5 жыл аралыгында аталган жерлерди иштетүү менен жакырчылыктан чыгуулары керек.
"Үй-бүлө жагдайына, мүчөлөрүнө карап 50 сотыхтан 1 гектарга чейин берилген. Бул кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча нормаларга туура келет. Бул менен жакыр үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу үчүн жасалган кадам. Айыл өкмөттө жакыр катары турган бардык үй-бүлөлөргө жер бере албайбыз, жагдайга карап, кезеги менен берүүнү туура көрүп жатабыз. Аларга берилген жер аукционго коюлса бир топ эле акча болмок. Булар акысыз алып жатат, экинчиден жерди иштетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Жергиликтүү бюджетке зыянын тийгизген жок. Себеби башка жерлерди аукционго коюуда баалары бир аз көтөрүлгөн", - дейт ал.
Жер үй-бүлөлөргө 5 жылдык мөөнөткө берилген. Масы айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун 591 гектар жери бар, анын ичинен 380 гектарын сугат жер түзөт. Айыл өкмөттө 700гө жакын жакыр үй-бүлө бар.